АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 4 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
5-к-дын ортосунан баштап эле түн. герман уруулары (англ, сакс, ют ж-а фриз) массалык түрдө Британиянын жээктерине барып отурукташып,
ички райондоруна терендеп кире башташкан. Жерг. кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске ж-а континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-к-дын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англсаксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыг. Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар ж-а франциялык келгиндер м-н жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.