АНГИОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГИОМА (гр. angeion – түтүкчө, кан тамыр, oma – шишик) – кан же лимфа тамырларынан өсүп чыккан зыянсыз шишик. Анын 2 түрү бар: жөнөкөй Ангиома – теридеги же былжыр челдеги тубаса жалпак өсүндү; ал кан тамырлуу калдын негизин түзүп, көгүш түстө; көңдөйлүү Ангиома – тери алдындагы клетчаткада же ички органдарда пайда болот. Айрым учурда андан кан көп кетет. Эгерде ал тез өссө хирургиялык жол, радиотерапия колдонулат.