АНГЕЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЕЛДЕРВизантия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II (1185–95). А. бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички ж-а тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. А-дин акыркы башкаруучуларынын Константинополь ш-нын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204–1318-ж. А. Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.