АНГАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГАР (фр. Hangar), у ч а к к а н а – самолётту, вертолётту коюу, техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл жана рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо менен бирге алардын белен жабдык бөлүктөрү сакталат, техникалык тейлөө жумуштары жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болот бетон конструкциялардан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий конструкциялардан) ангарлар курулат. Ангар жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба жана башка), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар жана башкалар менен камсыздалат.