АНАЭРОБДУК ШАРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЭРОБДУК ШАРТ – чөйрөдө кычкылтек газы аз өлчөмдө болуп же такыр жок болгон абал. Көбүнчө жер алдында кездешет да, чириген субстраттарга кирет. Ошондой эле атмосферада кычкылтеги жок чөйрө да боло алат. Мындай шарттарда кычкылтекти талап кылбаган организмдер жашай алат. Алар органикалык, кай бирлери органикалык эмес заттарды кычкылдандырып, бөлүнүп чыккан энергияны алуучулар да кездешет, мисалы, кызгылтым бактериялар.