АНАЭРОБДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЭРОБДОР (гр. ап – терс бөлүкчө, аег – аба жана bios – жашоо) – кычкылтексиз чөйрөдө жашай алуучу организмдер. Анаэробдорго бактериялар, ачыткыч козу карындар, жөнөкөйлөр менен курттардын кээ бир түрлөрү кирет. Чыныгы же облигаттуу анаэробдор кычкылтексиз, чала же факультативдүү жерде да тиричилик өткөрө алат. Топуракта, сууда, суу түбүндөгү баткакта кеңири таралган. Облигаттуу анаэробдорго клостридий бактериялары кирет, алар жаратылышта кеңири таралган, ачуу процесстерин, ошондой эле кишинин кээ бир коркунучтуу ооруларын (ботулизм, селейме, газ гангренасы) чакырат. Суу жаткан күрүч талааларында жашоо тиричилигин өткөрүүчү метан пайда кылуучу бактериялар да чыныгы анаэробдорго кирет. Факультетивдүү анаэробдорго ачыткыч козу карындардын түрлөрү, сүт кычкыл бактериялары, кишинин жана жаныбарлардын ичеги көңдөйүндө тиричилик өткөрүүчү бактериялар таандык.