АНАФЕМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАФЕМА (гр. anathema – каргыш) – кудайдын атынан каргоо, эң жогорку жаза катарында чиркөөдөн чыгаруу. Халкиндондо бүткүл ааламдык собордо киргизилген. Ал ар түрдүү тармактагы чиркөөлөр тарабынан саясий максат үчүн диний террордук курал катары прогрессивдүү, демократтык кыймылдарга каршы колдонулган. Россиялык православиялык чиркөөдөн: И. И. Болотников, С. Т. Разин, Е. И. Пугачев, декабристтер ж. б. анафема алышкан. 1918-жылы патриарх Тихон Совет бийлигин анафемага берген. Азыркы мезгилде Ватикан саясий жана идеологиялык кысым көрсөтүш үчүн колдонот. Чиркөөдөн башка кыймыл менен байланышса динчилдер да чыгарылат.