АНАУ МАДАНИЯТЫ –

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАУ МАДАНИЯТЫэнеолит жана коло дооруна (б. з. ч. 5–3-миң жылдык) таандык археологиялык маданият. Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал маданиятка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-жылы, кийин америкалык геолог Р. Пампелли 1904-жылы, немец археологу Г. Шмидт ж. б.изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Бул археологиялык табылгалар Орто Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар Анау маданиятын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау маданиятынын 30га жакын эстелиги белгилүү.