АНАРКУЛОВ Хабибулла

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАРКУЛОВ Хабибулла (1943-жылы туулган, Өзбекстан Республикасы, Анжыян областы) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн (1969). Ушул эле институтта окутуучу, кафедра башчысы, 1996-жылдан профессор. Самбо, дзюдо, эркин күрөш, улуттук күрөш боюнча жогорку категориядагы судья, СССРдин спорт чебери. Жалпы педагогика жана спорт педагогикасы боюнча адис. 100дөн ашуун илимий методикалык эмгектерди, мисалы, «Кыргыз эл оюндары» (1991), «Ала-Тоонун балбандары» (1989) ж. б. басылмаларды жарыялаган.