АНАНЬЕВ Николай Яковлевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНЬЕВ Николай Яковлевич [19. 11. 1912, Ысык-Көл областы, Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) – 16. 11. 1941, Волокаламск району, Нелидов кыштагы] – Советтер Союзунун Баатыры (1942). 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин Ысык-Көл районундагы Сазановка кыштагында колхозчу болуп иштеген. Фронтто Ананьев 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Полк Москваны немецтик-фашисттик баскынчылардан баатырдык менен коргоого катышкан.

Файл:АНАНЬЕВ 2 68.png

1941-жылы 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темир жол разъездин коргоочулардын ичинде атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, курман болгон. Ананьев туулган жер азыр Ананьев кыштагы деп аталат.