АНАНД Вишванатан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНД Вишванатан (11.12.1962-ж.т., Мадрас) – индиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер (1988). ФИДЕнин дүйнөлүк чемпиону (2000), жаштар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү (1987). 1991-жылдан дүйнөлүк мелдештердин катышуучусу. 1995-ж. Г. Каспаровго утулган (Нью-Йорк). Көптөгөн Эл аралык мелдештердин [Реджо-нель-Эшилия (1991–92), Линарес (1992 жана 1998) ж. б.] жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун (Кытай, 2000) жана эң мыкты шахматчыга ыйгарылуучу «Оскар» сыйлыгынын (1997, 1998, 2003 жана 2004) ээси. Москва (1994), Монако (1994), Женева (1996) ж. б. шаарларда өткөн тез ойнолуучу шахмат б-ча мелдештердин жеңүүчүсү.