АНАМНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАМНЕЗ (гр. anamnesis – эстөө) – ден соолугу, жашоо шарты, мурда кандай оору менен ооругандыгы ж. б. жөнүндө бейтап өзү же аны жакшы билген адамдар билдирген маалымат жыйындысы. Дарыгер дарттын диагнозун туура коюу жана дарылоо үчүн пайдаланат. Анамнез – дартты так табууга мүмкүндүк берүүчү изилдөө ыкмасы.