АНАЛИЗДИН КИНЕТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЛИЗДИН КИНЕМАТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ – реакцияга кирүүчү заттардын концентрациясы менен химиялык реакциялардын ылдамдыгынын ортосундагы көз карандылыкка негизделген химиялык анализ. Мында убакыт бирдигинде реакцияга кирген баштапкы заттардын же пайда болгон продуктунун саны өлчөнөт. Аныкталуучу элементтин катализатор катары реакциянын ылдамдыгына (v) көрсөткөн таасири төмөнкү теңдеме менен туюнтулат:,

мында, – катализатордун, баштапкы заттардын жана продуктунун концентрациялары; к – ылдамдык константы; t – убакыт. Бул методдор менен микроэлементтер жана металлдардын, куймалардын, суунун, өтө таза заттардын курамындагы эң аз сандагы кошулмалар аныкталат.