АНАЛИЗДИК-СИНТЕЗДИК МЕТОД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:12, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАЛИЗДИК-СИНТЕЗДИК МЕТОД – анализ м-н синтезди айкалыштырып колдонуу аркылуу окутуу. Дидактикада бул метод алгач сабаттуулукка үйрөтүүдө колдонулган. Анткени сабаттуулукка үйрөтүү негизинен сөздүн составын ж-а анын тыбыштарынын удаалаштыгын кабыл алууга (тыбыштык анализ) ж-а графикалык белгилери б-ча сөздүн тыбыштык түзүлүшүн калыбына келтирүүгө (тыбыштык синтез) таянат. Анализдик-синтездик метод маселе чыгарууда да кеңири колдонулат. Мында маселе курамдык бөлүктөргө бөлүнөт, б. а. маселенин берилишинен анын шарты, талабы, суроосу өзүнчө бөлүнүп алынат, маселенин шарты белгилүүлөргө ж-а белгисиздерге ажыратылат, андан кийин кандайдыр бир ырааттуулукта майда суроолорго жоопторду табуу м-н акырында маселенин талабын, суроосун канааттандырган жооп алынат.