АНАКОНДАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАКОНДАЛАР (Eumeces) – муунткуч жыландардын тукумунун уруусу. 4 түрү бар. Түш. Американын түн. ж-а борб. бөлүгүндө жашайт. Кадимки А. учурдагы эң ири чоң жылан (уз. 11 мге чейин). Ал суу, көл жээктеринде, саздарда, Амазонка дарыясынын алабында, Тринидад ж-а Тобаго а-нда кездешет. Сууда мыкты сүзөт, көпкө суу астында болуп, балык, каймандар, куштар, сүт эмүүчүлөр м-н азыктанат. Үй жаныбарларына, чанда кишиге кол салат. Кургакчылык мезгилде дарыя нугундагы ылайды оюп кирип, анда жаан мезгили башталганга чейин жатат. Ал учурда активдүүлүгү төмөндөйт. 15- 25тен (чанда 40ка чейин) жумуртка-тирүү тууйт. Улам саны азаюуда. Айрым зоопарктарда өстүрүлүүдө.