АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ Түндүк-Чыгыш Сибирде, Анадырь дарыясынын жогорку агымында. Чукча автономия округунун аймагында. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 400 кмге созулат. Бийиктиги 1185 мге чейин (Щучья чокусу). Жалпак чокулуу Эки-Суу аралары дарыя-өрөөндөрү менен бөлүнөт. Түндүк бөлүгүндө Эльгыгыттын көлү жайгашкан. Капталдарына бадалчалуу жана эңилчек мамык чөптүү тундра мүнөздүү. Бугу жайыты.