АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ – Түркиядагы күрөң көмүр кендери жаткан зор аймак. Аянты 30 миң км2 дей. Анадолу бөксө тоосунун Альп бүктөлүү аймагында жайгашкан.Байыртадан белгилүү; мында 40тай кен ачылган. Көмүрдүн жалпы геол. запасы 3,8 млрд т Кен негизинен (88%) ачык жол м-н казылып алынат. Палеоген ж-а неогендин көмүрлүү чөкмө тек катмарларынын арасында өтө татаал түзүлүштөгү өнөр жайлык 5 кабат жатат. Палеоген кабаттарынын калыңдыгы 1,5-2,5 2,5 м, неогендики 5-20 м. Көмүрдүн нымдуулугу 40%, күлдүүлүгү 15-35%, жылуулук берүү энергиясы 12–20 МДж/кг көмүр электр энергиясын алууга пайдаланылат.