АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ (Анатоо, Анато-лия (гр. Анатоле – «чыгыш») – Кичи Азия бөксө тоосунун ички бөлүгү, Түркияда. Түштүгүндө Тавр, түндүгүндө Понт тоолору м-н чектешет. Негизинен чөкмө тоо тектерден турат; кийинки жанар тоо аракетинин издери бар. Бир катар туюк өрөөндөрдү анча бийик эмес токол тоолор бөлүп турат. Басымдуу бийикт. 800– 1500 м, эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанар тоосу). Шор жерлер ж-а туздуу көлдөр (Туз ж. б.) бар. Жарым чөл, талаа (тоолордо) өсүмдүктөрү өсөт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн, мал асыралат.т.