АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Анатоо,

Анато-лия (гр. Анатоле – «чыгыш») – Кичи Азия бөксө тоосунун ички бөлүгү, Түркияда. Түштүгүндө Тавр, түндүгүндө Понт тоолору м-н чектешет. Негизинен чөкмө тоо тектерден турат; кийинки жанар тоо аракетинин издери бар. Бир катар туюк өрөөндөрдү анча бийик эмес токолтоолор бөлүп турат. Басымдуу бийикт. 800– 1500 м, эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанар тоосу). Шор жерлер ж-а туздуу көлдөр (Туз ж. б.) бар. Жарым чөл, талаа (тоолордо) өсүмдүктөрү өсөт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн, мал асыралат.