АНАБИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:08, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАБИОЗ – организмдин тиричилик процесстери өтө жай жүргөн абал. Мында клеткада зат алмашуу процесси акырындап, микроорганизмдер же башка жаныбарлар ыңгайсыз шартта жашоосун улантууга шарт түзүлөт. Жагымдуу шарт түзүлгөндө бардык биологиялык процесстер кайрадан өз калыбына келет. Ал бир нече модификациядан турат. Анабиоз кээ бир организмдердин өөрчүшүнүн нормалдуу цикли (урук, үрөн, спора, цисталар) болуп эсептелет.