АНАБАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАБАР (баш жагында Ч о ң К у о н а м к а) – Якутиядагы (Саха) дарыя. Узундугу 939 км, алабынын аянты 100 миң км2. Анабар платосунан башталып, Түндүк Сибирь ойдуңу аркылуу агат да Анабар булуңуна куят. Орточо чыгымы 610 м3/сек. Чаты балыкка (ряпушка, омуль) бай.