АНАБАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАБАР (баш жагында Чоң Куонамка) – Якутиядагы (Саха) дарыя. Узундугу 939 км, алабынын аянты 100 миң км2. Анабар платосунан башталып, Түндүк Сибирь ойдуңу аркылуу агат да Анабар булуңуна куят. Орточо чыгымы 610 м3/сек. Чаты балыкка (ряпушка, омуль) бай.