АНА-КЫЗЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНА-КЫЗЫЛ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 17 км түндүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км. Деңиз деңгээлинен 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1908 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАЛ бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар жана кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.