АМФОТЕРДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМФОТЕРДҮҮЛҮК (гр. Amphoteros -тигил же бул) – кээ бир бирикмелердин шартка жараша кислоталык же негиздик касиеттерге жөндөмдүүлүгү. Кислоталык жана негиздик мүнөзү кандай гана химимиялык бирикме болбосун кислота-негиздик өз ара аракеттенүү процессине катыша турган экинчи компоненттин табиятына жараша болот. Бир эле зат күчтүү кислота менен өз ара аракеттенгенде өзүнүн негиздик касиетин, ошол эле убакта ал күчтүү негиз менен реакцияга киргенде өзүн кислота катары көрсөтөт. А. бирикмеге суунун ажыроо (диссоциация) Н+ жана ОН- процесси өзгөчө мисал боло алат. Бир канча элементтин гидроксиддери А-кө ээ. Алардын эң негизгилери Аl(ОН)3, Zn(OH)2 жана Сг(ОН)3 ж. б.