АМФОТЕРДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМФОТЕРДҮҮЛҮК (гр. Amphoteros -тигил жебул) – кээ бир бирикмелердин шартка жараша к-талык же негиздик касиеттерге жөндөмдүүлүгү. К-талык ж-а негиздик мүнөзү кандай гана  хим. бирикме болбосун к-та-негиздик өз ара  аракеттенүү процессине катыша турган экинчи  компоненттин табиятына жараша болот. Бир эле зат күчтүү к-та м-н өз ара аракеттенгенде  өзүнүн негиздик касиетин, ошол эле убакта ал  күчтүү негиз м-н реакцияга киргенде өзүн к-та катары көрсөтөт. А. бирикмеге суунун ажыроо (диссоциация) Н+ ж-а ОН- процесси өзгөчө мисал боло алат. Бир канча элементтин гидроксиддери А-кө ээ. Алардын эң негизгилери А1(ОН)3, Zn(OH)2 ж-а Сг(ОН)3 ж. б.