АМФИБОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМФИБОЛИТ – көбүнчө амфибол жана плагиоклаздан турган, метаморфизделген тоотек. Курамында кээде гранат, эпидот, биотит, диопсид, кварц ж. б. катышат. Өңү кара, бозомук, кочкул жашыл. Амфиболит ар кандай магмалык (габбро, диабаз, базальт, туфтар ж. б.), ошондой эле карбонат чөкмө тоотектердин өтө метаморфизделишинен пайда болот. Амфиболиттер негизги кошумча минералдары боюнча – биотиттүү, гранаттуу, кварцтуу, кианиттүү, скаполиттүү, цоизиттүү, эпидоттуу ж. б. деп айырмаланат. Амфиболит майда кооз буюмдарды жасоо үчүн жана курулушта имараттарды кооздоодо пайдаланылат.