АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 30 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ– Грек-Бактрия дооруна (б. з. ч. 4-2 к.) таандык эстелик. 1877-ж. Самарканддан Кундузга кеткен жолдогу Аму дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. А. к-нын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300 коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-ж. Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген.

Файл:АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ 54.png
Алтындан жасалган, атка чегилген араба.

Анда алтындан куюлган статуялар, билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык ж. б. бар. А. к. байыркы көчмөн сак жана скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.