АМПУТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПУТАЦИЯ (лат. amputatio – кесип таштоо) – адамдын мүчөсүн (колу, буту, эмчек, жатын) же анын кайсы бир бөлүгүн хирургиялык жол менен кесип таштоо. Оорулуунун абалына жараша кол, бут, манжасы муундан ажыратылып кесилет же ал мүчө бүт алынат. А. жабыркаган мүчө тиричиликке жөндөмүн жоготкондо же аны кесип таштоо менен оорулуунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон учурда гана жасалат. Бул операция коркунучтуу шишикте, гангренада, кол, бут катуу кырсыкка чалдыкканда ж. б. жүргүзүлөт. Азыркы убакта жаракат алган орган А. жасалбай эле микрохирургия ыкмалары менен кайра ордуна тигилет.