АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– электрдик, мех. ж. б. термелүүлөрдүн амплитудасынын өзүнүн жыштыгынан төмөнкү жыштыкта мезгил-мезгили м-н өзгөрүшү. Ал негизинен

радиотехникада колдонулат. Анда үн термелүүлөрү үн жыштыгындагы электр термелүүсүнө айландырылып, радио бергич пайда кылуучу жогорку жыштыктагы термелүүнүн темп-расын өзгөртөт. Мис., радиоберүүлөрдө үн толкундары төмөнкү жыштыктагы электр термелүүсүнө (модуляция сигналына) өзгөртүлөт да, ал радиобергич чыгарган жогорку жыштыктагы (негизги жыштыктагы) термелүүнүн амплитудасын мезгил-мезгили м-н өзгөртүп турат.