АМПЕРОМЕТРЛИК ТИТРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМПЕРМЕТРЛИК ТИТРЛӨӨ – сан анализинин электрхим. ыкмасы. Титрлөөнүн акыркы  чекити индикатордук электродаун туруктуу потенциалында диффузиялык токтун титранттын
көлөмүнө болгон көз карандылыгы б-ча аныкталат. Ченелүүчү диффузиялык токту пайда кылуучу электрохим. активдүү заттын милдетин, аныкталуучу ион, титрант же электрохим. ячейкага кошумча киргизилген индикатор аткарышы мүмкүн. Индикатор электроддун потенциалынын маанисин тандоо, аныкталуучу заттын  ж-а титранттын вольтамперограммалары б-ча  жүргүзүлөт. Титрант катары чөктүргүч, кычкылданткыч, калыбына келтиргич же комплексти  пайда кылуучу заттардын белгилүү  концентрациядагы эритмеси колдонулат. Уюлдануучу  индикатор электрод катары тамчылап турган сымап электроду, о. эле көбүнчө платина, графит ж-а көмүртектүү айнектен жасалган катуу  электроддор колдонулат. Ал орг. ж-а орг. эмес  заттарды анализдөөдө чөкмөлөрдүн эригичтигин,
комплекстик бирикмелердин туруктуулугун аныктоодо кеңири колдонулат.