АМПЕРОМЕТРЛИК ТИТРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– сан анализинин электрхим. ыкмасы. Титрлөөнүн акыркы

чекити индикатордук электродаун туруктуу потенциалында диффузиялык токтун титранттын көлөмүнө болгон көз карандылыгы б-ча аныкталат. Ченелүүчү диффузиялык токту пайда кылуучу электрохим. активдүү заттын милдетин, аныкталуучу ион, титрант же электрохим. ячейкага кошумча киргизилген индикатор аткарышы мүмкүн. Индикатор электроддун потенциалынын маанисин тандоо, аныкталуучу заттын ж-а титранттын вольтамперограммалары б-ча жүргүзүлөт. Титрант катары чөктүргүч, кычкылданткыч, калыбына келтиргич же комплексти пайда кылуучу заттардын белгилүү концентрациядагы эритмеси колдонулат. Уюлдануучу индикатор электрод катары тамчылап турган сымап электроду, о. эле көбүнчө платина, графит ж-а көмүртектүү айнектен жасалган катуу электроддор колдонулат. Ал орг. ж-а орг. эмес заттарды анализдөөдө чөкмөлөрдүн эригичтигин, комплекстик бирикмелердин туруктуулугун аныктоодо кеңири колдонулат.