АМПЕРМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:31, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕРМЕТР – турактуу ж-а өзгөрмө ток күчүн ченөөчү прибор. Ток күчүн өлчөө чегине карай кило-, милли-, микроамперметрге айырмаланат. Ток чынжырына А. удаалаш туташтырылат. Өзгөрмө токтун күчүн өлчөөдө А. түзөткүч приборлор м-н жабдылат. Күчтүү ток шунт же ток трансформатору же кошумча түзүлүштөрү бар А., ал эми аз чоңдуктагы токту өлчөө үчүн токтун күчөткүчү ж-а күчөтүлгөн сигналды кабыл алуучу электр өлчөгүч механизмдер м-н жабдылган А. колдонулат. Азыркы кездеги ар түрдүү А-лердин ченөөчү чеги 10-15А – 100 кАден жогору. Техникада цифралуу А. кеңири колдонулат.