АМПЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР – эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) ток күчүнүн бирдиги. Ампер вакуумда бири биринен 1 м аралыкта турган узундугу чексиз жана туурасынан кесилиш аянты эсепке алынбагандай болгон жарыш эки өткөргүч боюнча турактуу ток өткөндө, алардын ортосунда 2ٜ·10־ аракеттешүү күчүн пайда кылган ток күчүнүн бирдиги. СИдеги ток бирдиги француз окумуштуусу Ампердин ысымы менен аталып, А менен белгиленет.