АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү боюнча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо ж. б. Аморфтук заттардын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар боюнча бирдей болушат. Аморфтук заттардын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып, температуранын кандайдыр интервалында эрийт.