АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМОРФТУК АБАЛ – ички түзүлүшү б-ча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мис., айнек, фарфор, чопо ж. б. А. з-дын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, б. а. анын физ. касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар б-ча бирдей болушат. А. з-дын белгилүү эрүү темп-расы болбойт, алар темп-ранын жогорулашы менен жумшарын барып, темпранын кандайдыр интервалында эрийт.