АММОФОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АММОФОС (аммиак жана фосфор) – кош азотфосфорлуу комплекстүү минералдык жер семирткич. Фосфор диаммоний фосфаты кошулган (10% ке чейин) моноаммоний фосфаттан NH4H2P04 турат. Курамындагы азот аммоний сульфаты түрүндө болот, концентрациялык семирткичтердин катарына кирет: N 11-12%, Р205 46-60%. Аммиакты фосфор кислотасы менен нейтралдаштырып алышат: NH3 + Н3Р04 = NH4H2P04. Агрономиялык баалуулугу жогору, комплекстүү жер семирткичтердин эң таасирдүүсү. Түрдүү топуракта негизги жана кошумча жер семирткич катары колдонулат, к. Комплекстүү жер семирткичтер.