АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ, (CaHP04+NH4H2P04) – курамында фосфор жана азоту бар татаал минералдык жер семирткич. Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу менен алынат. Анда 14% фосфор, 2% азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш жана татаал жер семирткич алууда жакшы компонент. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жер семирткичке караганда аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү, картошка ж. б. тех. өсүмдүктөрдөн мол түшүм алынаарын көрсөттү.