АМИТОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИТОЗ (α... жана mitos – жип) – интерфазалык ядронун хромосомаларды үзбөй туруп, байламта жолу менен түз бөлүнүшү. Бул кубулуш митоздон тышкары жүрөт. Амитоз клетканын толук бөлүнүшү менен коштолушу мүмкүн. Айрым учурда цитоплазма бөлүнбөстөн, ядронун бөлүнүшү менен эле бул кубулуш токтойт да, эки же андан көп ядролуу клеткалар пайда болот. Амитоз ар кандай адистешкен, жоголууга мажбур болгон ткандарда кездешет. Айрыкча сүт эмүүчүлөрдүн түйүлдүк кабыкчасынын клеткаларында көп жүрөт. Амитоз жолу менен пайда болгон бала клеткалар кайра митоздук циклге кошула албайт. Анда ядро жөнөкөй бөлүнөт.