АМИТОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИТОЗ(а... жана mitos – жип) – интерфазалык ядронун хромосомаларды үзбөй туруп, байламта жолу менен түз бөлүнүшү. Бул кубулуш митоздон тышкары жүрөт. А. клетканын толук бөлүнүшү менен коштолушу мүмкүн. Айрым учурда цитоплазма бөлүнбөстөн, ядронун бөлүнүшү менен эле бул кубулуш токтойт да, эки же андан көп ядролуу клеткалар пайда болот. А. ар кандай адистешкен, жоголууга мажбур болгон ткандарда кездешет. Айрыкча сүт эмүүчүлөрдүн түйүлдүк кабыкчасынын клеткаларында көп жүрөт. А. жолу менен пайда болгон бала клеткалар кайра митоздук циклге кошула албайт. Анда ядро жөнөкөй бөлүнөт.