АМИНФЕНОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИНФЕНОЛДОР, NHC6H4OH – кристалл түрүндөгү органикалык бирикмелер; молекулалык салмагы 109. NH2 жана ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°С, мета 128°С, пара Аминфенолдор. Абада о- жана п- Аминфенолдордун изомерлери кычкылданып, кочкул күрөң түскө өтөт; м-изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; кислоталар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. о- аминфенолдор кислотанын ангидриддери менен реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмеге өтөт. п-Аминфенолдор күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, п-бензохинолду пайда кылат. Аминфенолдор метаминсульфокислотасынын Na тузунан, ошондой эле 4-хлор нитробензолду жегич менен басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.