АМИЛ СПИРТТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:28, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИЛ СПИРТТЕРИ, С5Н11ОН – алифаттык каныккан бир атомдуу спирттер. Орг. эриткичтерде жакшы эрип, минералдык к-талар жана өсүмдүк майлары менен бардык көлөмдө аралашат. Анын 8 изомери белгилүү. Алардын ичинен изоамил спиртинин мааниси чоң. Ал жагымсыз жыттуу, түссүз, сууда начар эрүүчү суюктук, кайноо t 132°С. Аларды алуунун негизги булагы – сивуха майын ачытуу. Көпчүлүгү 1-хлор-З-метилбутанды 30%түү NaOH менен гидролиздөөдөн алынат. Алар парфюмерияда, ок-дары жасоодо, жемиш эссенцияларын алууда колдонулуучу татаал эфирлерди синтездөөгө жумшалат, о. эле сыр, боёкторду эритүүдө да колдонулат.