АМИЛ СПИРТТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМИЛ СПИРТТЕРИ, С5Н11ОН – алифаттык каныккан бир атомдуу спирттер. Орг. эриткичтерде  жакшы эрип, минералдык к-талар ж-а өсүмдүк  майлары м-н бардык көлөмдө аралашат. Анын 8 изомери белгилүү. Алардын ичинен изоамил  спиртинин мааниси чоң. Ал жагымсыз жыттуу, түссүз, сууда начар эрүүчү суюктук, кайноо t 132°С. Аларды алуунун негизги булагы – сивуха майын ачытуу. Көпчүлүгү 1-хлор-З-метилбутанды 30%түү NaOH м-н гидролиздөөдөн алынат. Алар парфюмерияда, ок-дары жасоодо, жемиш эссенцияларын алууда колдонулуучу  татаал эфирлерди синтездөөгө жумшалат, о. эле  сыр, боёкторду эритүүдө да колдонулат.