АМЕРИЦИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМЕРИЦИЙ (лат. Americium), Am – жасалма жол менен алынган радиоактивдүү элемент. Атомдук номери 95, атомдук мезгили 237-246, бир нече изотоптору белгилүү, туруктуу изотобунун атомдук мезгили 243. Америцийди 1945-ж. америкалык илимпоздор Г. Сиборг, Р. Джеймс, Л. Морган жана Гиорсо Am241 изотобу түрүндө плутонийди нейтрон бөлүкчөлөрү менен нурлантуудан алып, өз өлкөсүнүн атынан «А» деп аташкан. Аm – күмүш сымал ак түстөгү жумшак металл, салыштырмалуу тыгыздыгы 13,6 г/см3. Таза металл түрүндөгү А. 850°Сде жумшара баштап, 1200°Сде толук эрүүсү байкалбагандыктан, б. эрүү темп-расынын так мааниси белгисиз. Америций Зтөн 6га чейин өзгөрмөлүү валенттүүлүккө ээ. Көпчүлүк бирикмелеринде валенттүүлүгү Зкө барабар. Аm радиусу 1,82 Америций, үч валенттүү абалындагы ионунун радиусу 1,00 Америций бардык эле актиноиддер сыяктуу ал газ абалындагы суутек менен өз ара аракеттенишип, гидридди пайда кылат. Кычкылтек менен реакцияга кирип, бир нече оксиддерди АmО, Аm203, Аm02 берет. Ал эми галогендер менен үч валенттүү Америцийдин галогендүү бирикмелерин – AmF3,AmCl3, AmBr3 пайда кылат.