АМЕРДИНОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМЕРДИНОВА Магира Мунаждиновна (08. 11. 1954-жылы туулган, Каракол шаары) – философ, философия илимдеринин доктору (2004). 1975-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун физика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Өзү бүтүргөн институтта инспектор, окутуучу, Илим изилдөө педагогикалык институтунда мугалим, БГУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор болуп иштеген. И. Арабаев атындагы КМУда философия кафедрасынын башчысы, профессор магистратура бөлүмүнүн башчысы. Философиянын теориялык-методологиялык, социалдык-саясий проблемалары жана психология, этнопсихология боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгек, 3 монография, 8 окуу китебинин автору.