АМАНАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАНАТ – 1) зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга ж. б. кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын, малын, үй-жайын, атүгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү; 2) кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган киши. Аманатка таасирлүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, туушкандарынан дайындашкан. Аманат жасалгалуу ак үйдө жашоочу. Ошондуктан аны «ак үй» же «ак үйлүү» деп да аташкан. Аманат 19-кылымдын аягында жоюлган, к. «Ак үйлүү».