АМАЛЬГАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАЛЬГАМА (соңку лат. amalgama – куйма) – сымаптын металлдар менен кошундусу. Аны бөлмө температурасында же ысытканда сымал катодунда металлдын электролит жолу менен бөлүнүшүнөн жана башка ыкмалар аркылуу алууга болот. Амальгама металл буюмдарды алтын менен каптоодо, күзгү даярдоодо, тиш каптоодо пайдаланылат. Металлургияда амальгама асыл жана айрым сейрек (In, Ga, TI) металлдарды өндүрүүдө аралык продукт болуп эсептелет. Курамындагы сымап уу болгондуктан амальгама өтө аз колдонулат.