АМАДАЛИЕВ Маткалык

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:20, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАДАЛИЕВ Маткалык (1926, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кылаа-Айылы – 1997, ошол эле жерде) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1972). Кыргыз ССР айыл чарбасынын отличниги (1972). Эмгек жолун 1940-жылы Ош облусунун Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1942-жылдан пахтачылык бригадасында эсеп-кысап иштерин жүргүзгөн, 1951-жылдан пахтачылык бригадасынын бригадири. Ал жетектеген бригада айыл чарба өндүрүшүнүн алдынкы ыкмаларын пайдаланып, 1971-жылы 121 га жердеги пахтанын ар гектарынан 40 ц, 1972-жылы 119 ганын ар гектарынан 46 ц түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Файл:АМАДАЛИЕВ 29.png