АМАДАЛИЕВ Маткалык

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМАДАЛИЕВ Маткалык (1926, Жалал-Абад  обл., Ноокен р-ну, Кылаа-Айылы – 1997, ошол эле жерде) – пахтачы, Соц. Эмг. Баатыры (1972). Кыргыз ССР а. ч-нын отличниги (1972). Эмгек жолун 1940-ж. Ош обл-нун Ленин р-нундагы Калинин  атн. колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1942-жылдан пахтачылык бригадасында эсеп-кысап
иштерин жүргүзгөн, 1951-жылдан пахтачылык бригадасынын бригадири. Ал жетектеген бригада а. ч. өндүрүшүнүн алдынкы ыкмаларын пайдаланып, 1971-ж. 121 га жердеги пахтанын ар гектарынан 40 ц, 1972-ж. 119 га нын ар гектарынан 46 ц түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
Файл:АМАДАЛИЕВ 29.png