АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ Алясканын түштүгүндө. Түндүк Америка Кордильерасынын системасына кирет. Узундугу 1000 кмдей. Бийиктиги 6194 мге чейин (Мак-Кинли чокусу – Түндүк Американын эң бийик жери). Кыр бөлүгү интрузия тоо тектеринен (гранит-диорит) турат. Капталдары тик, өтө тилмеленген. Тоонун нымдуу түштүк капталында 800 м бийиктикке чейин карагайлуу токой өсөт, андан жогору кар, мөңгү жатат. Түндүк капталдары каксоороок; токойдун чеги 1000–1100 мге чейин көтөрүлөт; андан жогору тоолуу тундра ээлейт.