АЛЯСКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:35, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЯСКА – 1) Түндүк Американын түндүк-батышындагы жарым арал. АКШнын Аляска штатында. Беринг деңизинин Бристоль булуңу менен Тынч океандын аралыгында. Узундугу 700 км, туурасы 10170 км. Негизинен Алеут кырка тоосун ээлейт; анын кырын аракеттеги (Катмай жанар тоосу, бийиктиги 2047 м) жана өчкөн жанар тоолор түзөт. Эң бийик чокусу 2507 м (Вениаминов жанар тоосу). Түндүк-батыш жээги ойдуңдуу, көл көп. Тоолуу тундра өсүмдүктөрү басымдуу; чакан мөңгүлөрү бар. 2) АКШнын түндүк-батышындагы штаты (1958-жылдан), АКШнын негизги аймагынан Канада бөлүп турат. Аянты 1523 миң км2. Калкы 736,7 миң (2014). Администрациялык борбору – Жуно шаары. Жергиликтүү калкы – индейлер, эскимостор, алеуттар. Алясканын аймагында европалыктардан алгачкы жолу орустар болгон. 1867-ж. падышалык Россия АКШга 7,2 млн долларга сатып жиберген.